Антикоррупция кызматынын жарым жылаӊач кызматкерлери саунада шапар тээп жүрүшөт
Социалдык тармактарда Казакстандын Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери саунада эс алып жатканы тартылган видео жазуу жарыяланды..
Видеодо көрүнгөндөй, кийимин чечкен эркектер алкоголдук ичимдиктерди ичип сайраӊдап жатышат.
Эркектердин бири дагы бирине Антикоррупциялык кызматынын кызматкеринин күбөлүгүн тапшырып жатып, жаӊы кызматкерди алгачкы пара алгына менен куттуктады. Дасторкон үстүндө отурган калган эркекеттер болсо жалпы жыргап күлүп жатышты.
Күбөлүк алган жаӊы кызматкер баардыгына куттуктоолору үчүн ыраазчылыгын билдирди.
Видео социалдык түйүндөгү "Журт не дейт" тобунда жарыяланган.
Интернет колдонуучулар аталган кызматтын кызматкерлеринин мындай жүрүм-турумун адепсиз-ахлаксыз деп эсептеп, аларга мыйзам чегинде катаал жаза берилишин талап кылышты. Башка колдонуучулар болсо, эркектер мыйзамсыз жол менен алынган каражаттардын эсебинен шапар тээп жүрүшөт деп айтышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content8978
Добавить комментарий ×