Кыргызстанда бир суткада 19 өрт катталды: Сузакта 2 үй күйүп кетти
Бөлүшүү:
Кыргызстанда өткөн сутка ичинде, тактасак, 21-ноябрдан 22-ноябрга караган күнү 19 өрт катталды. Бул тууралуу КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Сузак районуна караштуу Доскана кыштагында эки турак үй күйдү. Биринчи турак жайдын 108 чарчы метр аянты күйүп, пол менен эмеректер өрттөнүп кеткен.
Экинчи үйдө аянты 30 чарчы метрди түзгөн чатыр күйгөн. Өрттүн себеби: электр приборлорун монтаждоо учурунда коопсуздук эрежелерини сакталбагандыгы эсептелет.
Ссылка: https://barometr.kg/content8969
Добавить комментарий ×