Пара алгандыгы үчүн Маминспекциясы менен Чек ара кызматынын кызматкерлери кармалды
Мамлекеттик чек ара кызматы жана Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын кызматкерлери пара алгандыгы үчүн кармалышты. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган кызматка «Кей Джи канаттуулар бирикмесинин» юридикалык жактарынан, Чек ара кызматы менен Маминспекциясынын кызматкерлери тарабынан Кыргызстанга тиешелүү документи жок ташылып бараткан товар үчүн мыйзамсыз акча каражатын алгандыгы тууралуу арыз келип түшкөн.
ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө тооктун жумурткасын өткөрүп бараткандыгы үчүн чек ара постунун кызматкерине 3,5 миӊ сом, ал эми Маминспекциясынын кызматкерине 1,5 миӊ сом берилгендиги аныкталган.
Буга байланыштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы жана аскер прокуратурасы тарабынан «Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Пара алуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Кармалган кызматкерлер 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ссылка: https://barometr.kg/content8940
Добавить комментарий ×