Атамбаев Жалал-Абаддагы дене тарбия-саламаттыкты чыңдоо комплекси курулчу жерге капсула салды
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-ноябрда, Жалал-Абад облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы дене тарбия-саламаттыкты чыңдоо комплекси курулчу жерге капсула салды.
Мамлекет башчысы жалпы аянты 2 миң чарчы метр келген эки кабаттуу дене тарбия-саламаттыкты чыңдоо комплексинин башкы планынын долбоору менен таанышып чыкты.
Комплексте спорттун көптөгөн командалык жана жеке түрлөрү боюнча машыгууларды жана мелдештерди өткөрчү аянты1250 кв. м. келген спорттук зал салынат. Күнүнө жаңы спорттук жайда 150 адам машыга алат. Көрүүчүлөр трибунасы болжол менен 300 адамга ылайыкталган. Комплексте аянты 530 кв м. келген спорттун жеке түрлөрү үчүн атайын зал курулат. Курулушту аяктоо мөөнөтү - 2018-жылдын ноябры.
Ссылка: https://barometr.kg/content8937
Добавить комментарий ×