Nike компаниясынын хиджабы жылдын мыкты кийими деп табылды
Бөлүшүү:
АКШдагы Time журналы жылдын 25 мыкты кийимдин тизмесин жарыялады. Рейтингге Nike компаниясынын спорттук хиджабы дагы кирди. Бул спортчу мусулман аялдарга арналган хиджабды иштеп чыгууда спортчулар, Бириккен Араб Эмиратынан белгилүү фигуристка Захра Лари катышкан. Кийим жогорку технологиядагы серпилмелүү кездемеден тигилген. Хиджаб 3: кара, боз жана кубулуп турган обсидиан түстөрүндө чыгарылды. Белгиленгендей, жоолук спортчуларга спорттун бардык түрү менен машыгуу учурунда эч кандай ыӊгайсыздыкты жаратпайт.
Ссылка: https://barometr.kg/content8936
Добавить комментарий ×