Журналист: «Болду эми, кеткен президенттерди каралаган салтыбызды токтотолу»

21 ноябрь 2017 10:43 774 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Журналист Курманбек Мамбетов мурунку мамлекет жетекчилерин каралоо боюнча керексиз салтты токтотууга чакырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы өзүнүн баракчасында билдирген.

Эске салсак, кечээ, 20-ноябрда, Алмазбек Атамбаев жыйынтыктоочу басма сөз жыйынын өткөргөн.

"Атамбаев кетип жатат... Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйынындагы стенограмманы окудум. Азыр болсо президентти сыналгы аркылуу көрүп жатам. Ойлор, түрдүү суроолор, албетте жаралбай койбойт. Бирок мен өзүм үчүн мына буга бекем чечим чыгардым: мындан кийин Атамбаевдин сын-пикирлерине тыюу салуу жарыялайм (табу) жана өзүмдүн цехтеги жолдошторду дагы ушундай кылууга чакырам. Кабыл алынган чечимдерди анализдөө, каталарды оӊдоо керек албетте. Бирок жекеликке өтпөш керек. Бийлик алмашкан сайын кеткен президенттерди жамандаган салтыбызды токтотолу эми, кыргыздар. Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Конституциясын бузбастан өз мөөнөтүндө кетип жатат. Мына жок дегенде ушунусу үчүн биз ага ыраазычылык билдиришибиз зарыл!

Эми келгиле, достор, Сооронбай Жээнбеков менен Сапар Исаковго көӊүлүбүздү топтойлу: мындай ары биздин көӊүл чордонубузда алар болушсун", - деп чакырды журналист.

Белгилесек, ушул жылы 23-ноябрда жаӊы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы өтөт. Анда Атамбаев бийликти жаӊы президентке тапшырып, расмий түрдө кызматынан кетет.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8920



Добавить комментарий