Кулов: «Атамбаев алты жыл ичинде бир да жолу парламенттин алдына чыккан жок»

21 ноябрь 2017 10:21 2665 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Ар Намыс" саясий партиясынын лидери Феликс Кулов соцтармактагы баракчасына президент Алмазбек Атамбаев 6 жылдын ичинде өлкөнү жетектеп турган кезинде бир дагы жолу парламенттин алдына чыгып с-йлөгөн эмес деп жазган.

"Конституцияга ылайык, президентке парламент алдына чыгууга укук берилген. Тилекке каршы, ал мындай мүмкүнчүлүктү пайдаланган эмес. Журналисттрердин суроолоруна жооп берип эле чектелген. А журналисттер болсо эреже катары, масштабдуу мамлекеттик көйгөйлөрдү козгошчу эмес", - деп эсептейт Кулов.

​Эске салсак, кечээ, 20-ноябрда, «Ала-Арча» резиденциясында Атамбаев жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөргөн.

Белгилесек, 23-ноябрда жаӊы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы болору күтүлүүдө. Атамбаев салтанаттуу иш-чарада бийликти жаӊы мамлекет башчыга өткөрүп бермекчи.

Ссылка: https://barometr.kg/content8919



Добавить комментарий