Малайзияда Ким Чен Ындын агасын өлтүргөнгө шектүү адам кармалды

18 февраль 2017 10:34 340 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Малайзиялык "Синчжоу Жибао" гезитинин берген маалыматына  ишенсек КНДРдин лидери  Ким Чен Ындын  улуу агасын өлтүргөнгө шектүү жаран  Малайзияда колго түштү. Ал 47 жаштагы  Кореянын жараны болуп чыккан. Куала-Лумпурдан полиция кылмышкерди кармап,  суракка алып жатат. Шектүү жарандын паспортунда бир нече жолу Малайзияга барып келгендигин аныктаган мөөрлөр турган.  Кошумчалай кетсем   Кореянын лидеринин агасы Малайзияда  аба майданда өлтүрүлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/content890



Добавить комментарий