Экстремизмге шектелип кыргызстандык жаран кармалды
Бөлүшүү:
КРдын Мамлекеттик чек аракызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдиргендей, бүгүн, 20-ноябрда, «Манас-аэропорт» көзөмөл өткөрүү пунктунун чек арачылары экстремизмге шектелген кыргызстандык жаранды кармашты.
Кармалган жаран 1994-жылы туулган Ш.К. №562 каттамы менен келген, ал өзүн шектүү алып жүргөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө анын уюлдук телефонунан экстремисттик маанидеги сүрөт-видеоматериалдар бар экени аныкталган.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин, жаран тиешелүү органдарга тапшырылган.
Ссылка: https://barometr.kg/content8896
Добавить комментарий ×