Тажикстандын бардык радиолорунда Рахмондун китеби окула баштайт

20 ноябрь 2017 13:15 563 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Тажикстанда Телекөрсөтүү жана радио уктуруу комитети бардык мамлекеттик радиолорду өлкө президенти Эмомали Рахмондун чыгармаларын көркөм окууга милдеттендирди. Бул тууралуу Борбор Азия кабарлар кызматы билдирди.

Бийлик бул демилге жарандарды мекенчилдикке үндөп, аң-сезимин жогорулатат деп эсептейт.

“Тажикстан” мамлекеттик радиосунун директору Фаррух Зиёевдун айтымында, өлкө башчынын китептерин көркөм окуу үчүн театр артисттери чакырылат. Буга чейин Рахмондун эки китеби жаздырылып алынган.

Былтыр Тажикстандын мамлекеттик телеканалында президенттин “Арийлерден саманиддерге чейин” деген чыгармасынан үзүндүлөр көрсөтүлгөн. Көз карандысыз телеканалдар патриоттук мазмундагы материалдарды обого алып чыгуу тапшырмасын алышты.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8891



Добавить комментарий