Атамбаев MegaCom компаниясынын наркын 20%га арзандатууну талап кылды

20 ноябрь 2017 13:09 1260 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 20-ноябрда, жыйынтыктоочу маалымат жыйынында, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, MegaCom уюлдук операторунун наркын 20%га төмөндөтүүнү талап кылды.

Президент кайрадан өкмөттү уюлдук операторду сатууга жана ал акчага «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууга чакырды.

"MegaCom компаниясын сатып алганга келген инвестор, ишеним көрсөтө алган жок, ошон үчүн келишим түзүлгөн эмес. Ишкананы, анын баасын 18-20%га арзандатып туруп сатыш керек", - деп эсептейт Атамбаев.

Эскертсек, буга чейин, Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондусу Россиянын жараны Елена Нагорная менен, аталган компанияны сатуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү токтоткон.

Анткени Нагорная компанияны, үч жылдын ичинде төлөө шарты менен сатып алууну каалаган.

Ссылка: https://barometr.kg/content8890



Добавить комментарий