Адылкан Бекболотов Токио олимпиадасына чейин Кыргызстандын бокс боюнча курама командасын башкарат
Бөлүшүү:
кураманын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бекболотов буга чейин башкы машыктыруучулук кызматка 2009-жылы январь айында келген эле. Мындан ары дагы Токио-2020 олимпиадасына чейин 4 жыл улуттук кураманын мушкерлерин машыктырат. Акыркы 4 жылда Адылкан Бекболотовдун жетекчилиги алдында Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия чемпионатында 5 медаль багындырышты. 2013-жылы Иорданиянын Амман шаарында тарыхта алгачкы жолу Азат Усеналиев алтын медаль жеңип алган. Ошондой эле, өткөн жылы Рио олимпиадасына Эркин Адылбек уулу лицензия алган.
Ссылка: https://barometr.kg/content889
Добавить комментарий ×