Атамбаев: «Жээнбековдун жинине тийсеӊ, ал Обаманы дагы кууп чыгат»
Бөлүшүү:
Бүгүн, 20-ноябрда, президент Алмазбек Атамбаев, жаӊы шайланган мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков тууралуу айтып жатып, тамаша иретинде, анын мүнөзү анчалык жумшак эмес экенин белгилеп өттү.
"Анын мүнөзү жумшак дегендерге мен макул эмесмин. Эгер анын жинине тийсеӊ, ал Обаманы дагы кууп чыгышы мүмкүн. Анын «Чык эшикке!» деген сөзү эсиӊиздерде болсо керек»,-деп күлдү мамлекет башчы.
Президент, Жээнбеков коррупциянын тамырына балта чабат деп ишенет.
"Таза бедели бар алам катарында, Жээнбеков коррупция менен катуу күрөшөт. Анын бир туугандары тууралуу айтылгандардын баары жалган", - деп билдирди Атамбаев.
Ссылка: https://barometr.kg/content8889
Добавить комментарий ×