24-ноябрда президенттин инаугурациясына байланыштуу автоунаа кыймылына чектөө киргизилет

20 ноябрь 2017 12:26 604 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын жаӊы шайланган президентинин кызматка расмий киришүүсү боюнча өткөрүлө турган салтанаттуу иш-чарага байланыштуу, Бишкектин айрым көчөлөрүндө авторанспорт үчүн жол кыймылына чектөөлөр киргизилет.

КРдын ИИМ Патрулдук милиция башкы башкармалыгы маалымдагандай, 24-ноябрда, Ч.Айтматов, Манас, Чүй проспектилеринде дагы автоунаа кыймылына чектөөлөр болот.

Аталган башкармалыктын басма сөз кызматы шаар тургундары жана коноктордон, көрүлгөн мындай чараларга түшүнүү менен мамиле кылууна жана алдын ала альтернативалык жолду тандоону өтүнөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content8882



Добавить комментарий