Тазабек Икрамов, ЖКнын депутаты: “Светтик мамлекетте ар бир адамдын дин тутуу эркиндиги бар, ага өлкө шарт түзүп берет”

17 февраль 2017 17:22 535 Barometr
Бөлүшүү:
ok

-Тазабек Икрамович, деги эле жума намаз үчүн эки сааттык убакытка жылдыруу  маселеси канчалык деңгээлде маанилүү?

-Белгилүү болгондой буга чейин  дагы бул маселени көтөргөм. Мамлекеттик жумушта иштеген биздин элдердин  суранычы себеп болгон.  Эки тарап болуп бөлүнүп калгандыгы үчүн маселени токтотуп турууга аргасыз болгом. Эми дагы көтөрүп чыгууга туура келип жатат. Чындыгында  жума намаздын айынан  ар кандай окуялар кайталанууда.  Кечээ дагы бир коллегам бул маселени козгоп аларга кылмыш ишин козгош керек деген нерсени  айтып кетти. Эми жума намазга барган балдардын абалы оорлоп кетти. Мисалы ислам динин тутунбаган  жетекчи болсо  жума намазды шылтоолоп кызматкерди жумуштан кетирип салышы мүмкүн. Мен көтөрүп жаткан мыйзам бир сааттан кем эмес, эки сааттан кем убакыт болбосун деп айтып жатам. Эмгек кодексинде мурда кандай жумуш аткарса ошол убакыт кете берет.  Жума намаз аял кишилерге тийешеси жок. Жума намаз окубаган эркектер болсо азыркы эмгек кодекси менен иштей беришет. Биз эмгек кодексинин 105-беренесиндеги 310 берене менен ийкемдүү шарт түзүп берип коёбуз. Эгер жума намазга барган жаран дал ошол ийкемдүү шарттын негизинде  “Жума күндөрү  убактыны баланча саатка узартам”-деп намазга бара берет.  Мыйзам кабыл алынса жумуштан айдап жибергенге дагы эч кандай шарт түзүлбөйт. Кетирген убакытысын өз шартына карап иштеп берип кутулат. Эң негизгиси биздин жарандар кыйналбасын деп жатабыз. Кыргызстанда  жума намаз окула турган 2600 мечит бар. Орточо эсеп менен алганда 2 миллионго жакын адам  жума намазга барат.  Беш маал намаз менен жума намаздын айрымасы башка, ал жамаат менен окулат. Саат 12-ден 2 ге чейин  убактысын узартып берсин. Жума намазга барып, Алланын астында ибадат кылам  дегендерге гана бул мыйзам иштейт. Башка динди тутунгандарга, аял кишилерге, мечитке барбагандарга  бул мыйзамдын тийешеси жок. Азыр баардыгы светтик менен мамлекетпиз деп талашышууда. Светтик мамлекетте ар бир адамдын дин тутуу эркиндиги бар, ага өлкө шарт түзүп берет. Мисалы Американын конгресинде жумуш дуба менен ачылат. Жеткен демократиялык мамлекет. Атайын адам келип “биздин мамлекетти сакта, өнүктүр гүлдөт” деп башталат. Биз дуба менен баштайлы дегеним жок, намаз окугандарга шарт түзүп берели  деп жатабыз. Жарандарыбыз эмгек кодексин бузуп,  жума намазга кетип жатышат. Атайын шарт түзүп берип койсок  кодексти бузбайт, жумуштан айдалбайт,  жетекчисинен дагы тил укпайт. Биз жума намазга барган адамдарга эле шарт түзүп берели деп жатабыз. 

Ссылка: https://barometr.kg/content887



Добавить комментарий