Атамбаев: «Мен, бийликти өткөрүп берип өзүмдү жеӊил сезип жатам»

20 ноябрь 2017 10:48 1168 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, бийликти жаӊы шайланган президент Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берип жатканы чүн өзүн жеӊилдеп калгандай сезгенин билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда, маалымат жыйында мамлекет башчы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Мен, чынын айтсам, бийликти өткөрүп жатканыма өзүмдү жеӊил сезип жатам. Мен укуктарымды тапшырып коюп, алты жылдан бери биринчи ирет бир жактарга барып эс алып, уйукмду кандыра уктайм деп кубанып отурам. Анткени менин үстүмдө ири жоопкерчилик болчу, канчалаган уйкусуз түндөр өттү. Себеби алгачкы жылдары кыйын учурлар болбодубу", -дейт Атамбаев.

Ссылка: https://barometr.kg/content8868



Добавить комментарий