Активисттер президенттикке талапкерлерди мөӊгү мыйзамына кайдыгер караганы үчүн уяткарды
Социалдык тармактарда колдонуучулар, өткөн жумада парламентте кабыл алынган мөӊгү тууралуу мыйзамды талкуулап жатышат.
Колдонуучулар депутаттар элге каршы мыйзамды кабыл алышкан деп ишенишүүдө.
Жарандык активист Бермет Букашева мөӊгүлөргө кайдыгер карагандыгы үчүн президенттикке талапкерлерди уяткарды.
«Президентке талапкерлер кайда жүрүшөт? Алардын бирөөсү дагы мөӊгүгө күйгөн жок, БШК президенттикке талапкер катарында каттоого албай койгон Рита Карасартовадан башка»,- деп нааразы болду ал.
Бул арада айрым колдонуучулар Адахан Мадумаров менен Улукбек Кочкоров бул маселе боюнча четте карап турушкан жок жана мөӊгү тууралуу өз багыттарын билдиришти деп байкашкан.
Талапкерлердин дагы бири Өмүрбек Бабанов, добуш берүү тизмесине ылайык, документ үчүн «макул» деп добуш берген.
Белгилесек, Бабанов учурда чет өлкөдө жүрөт. Анын ордуна кесипштештери добуш беришкен.
Президенттикке талапкерлердин тизмеси:
Эрнис Зарлыков;
Токтайым Үметалиева;
Темир Сариев;
Улукбек Кочкоров;
Таалатбек Масадыков;
Өмүрбек Бабанов;
Арстанбек Абдылдаев;
Азимбек Бекназаров;
Сооронбай Жээнбеков;
Адахан Мадумаров;
Арсланбек Малиев;
Белгилесек, 16-ноябрда, парламент үчүнчү окууда Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кабыл алган.
Анда катталган 85 депутаттын ичинен 63 эл өкүлү «макул», ал эми 22си «каршымын» деп добуш беришкен.
Парламент мындай чечими менен, Centerra Gold Inc. Канадалык компаниянын мөӊгүлөрдүн аймагында тоскоолдуксуз иш жүргүзүүгө уруксат берди.
Ссылка: https://barometr.kg/content8865
Добавить комментарий ×