Бир сутка ичинде Кыргызстанда 11 өрт катталды

20 ноябрь 2017 10:14 692 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда өткөн сутка ичинде, тактасак, 19-ноябрдан 20-ноябрга дейре 11 өрт катталды. Бул тууралуу КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Панфилов районунун Панфилов кыштагында Тилебаев көчөсү боюнча жайгашкан  курулуш вагон күйүп кетти. Жалын каптаган аянт 23 чарчы метрди түзгөн. Вагондун ичинде 1974-жылы туулган Ч.А.В. аттуу жарандын сөөгү табылды. Маркумдун сөөгү милицияга тапшырылып, учурда өрттүн себептери такталууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content8863



Добавить комментарий