Бүгүн Жогорко сотто Текебаевдин иши боюнча сот жараяны өтөт
Бүгүн, 20-ноябрда, Жогорку сотто Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш иш боюнча соттук жараян өтөт. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына мурунку депутаттын адвокаты Таалайкүл Токтакунова билдирди.
Эске салсак, буга чейин Текебаевдин жактоочулары Бишкек шаардык сотунун өкүмү боюнча даттанышкан.
«Соттун жыйыны саат 10.45те өтөт», - деп билдирди адвокат.
Белгилесек, буга чейин, 2017-жылдын 16-августунда, Жогрку Кеӊештин депутаты Өмүрбек Текебаев Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө ылайык, күнөөлүү деп табылып, ал мүлктөрүн мамлекетке чегерүү менен, 8 жылга эркинен ажыратылган.
Ушул жылы 2-октябрда Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун Текебаевге карата чыгарган өкүмүн күчүндө калтырган.
Ал эми 1-ноябрда, БШК Текебаевди депутаттык мандатынан ажыраткан.
Ссылка: https://barometr.kg/content8859
Добавить комментарий ×