Ар бир экинчи кыргызстандыкка АКШ виза берүүдөн баш тартып жатат
Американын визасын алууга талапкер болгон Кыргызстандын дээрлик ар бир экинчи жаранына АКШ виза бербей келет.
АКШнын Мамлекеттик департаменти 2017-фискалдык жыл үчүн (2016-жылдын 1-октябрынан 2017-жылдын 30-сентябрына чейин), мамлекеттер боюнча В1, В2 категориясындагы туристтик визаларды берүүдөн баш тартуу тууралуу маалыматтарды жарыялады.
Отчет мезгилинде Россиянын жарандарына туристтик виза бербөө үлүшү 11,61%ды түзгөн. Бир жыл мурун Россия үчүн бул көрсөткүч 9,29%ды түзгөн болчу.
Акыркы 12 жыл ичинде, 2009-жылы Россиянын жарандарына америкалык виза берилбеген учур өтө эле сейрек болгон.
Андорра, Лихтенштейн, Монако жана Сан-Марино үчүн баш тартуу көрсөткүчү 2017-жылы ң%ды, ал эми Батыш Сахара жана Микронезиянын Федеративдүү штаттары үчүн 100%ды түзгөн.
Көп учурда Американын визасын алууда барган жарандарга жок«» деген жоопту берген өлкөлөрдүн катарына: Бурунди менен Буркина-Фасо, Афганистан, Ирак, Сирия, жана Армения кирет.
Кыргызстанда виза алууда талапкер болгондордун 55,58%ына баш тартып коюшкан.
Ссылка: https://barometr.kg/content8850
Добавить комментарий ×