Алмазбек Атамбаев «Евроньюс» теле каналына маек курду
Бөлүшүү:
Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев Бельгияга болгон иш сапарынын алкагында “Евроньюс” теле каналынын журналисттерине маек куруп, берилген суроолорго жооп кайтарды. Маек учурунда президент Кыргызстанда ар кайсы чөйрөлөрдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, коррупцияга каршы күрөш, терроризмге бөгөт коюу, диний кырдаал, өлкөнүн интеграциялык бирикмелерге катышуусу тууралу сүйлөдү. Андан тышкары Алмазбек Атамбаев журналисттердин быйыл боло турган президенттик шайлоолор, Кыргызстандын чет жердик өнөктөр, анын ичинде Европа Биримдиги менен мамилелеринин абалы жана келечеги тууралуу суроолоруна жооп берди.
Ссылка: https://barometr.kg/content885
Добавить комментарий ×