Алсу: «Мен балам Рафаэлди коомчулукка көрсөтөйүн деген оюм жок»
34 жаштагы ырчы Алсу жана 39 жаштагы Ян Абрамов чогуу түтүн булатып жашап келе жаткандарына он жылдан ашуун убакыт өттү. Жаш жубайлар 3 баланы: 10 жаштагы Сафина, тогуз жаштагы Микелла деген эки кызды жана бир жаштан ашкан Рафаэл аттуу уулун тарбиялап келишет. Уулу бир жаштан өтүп калса дагы Алсу аны коомчулукка бир дагы жолу көрсөтө элек. Ал турсун баласынын бетин көрсөтпөй тартылган сүрөттөрүн дагы элге жарыялабай келет. Ырчы айым мындан ары дагы баласынын сүрөттөрүн жарыялоо оюнда жок экенин билдирген.
«Рафаэлдин сүрөтүн мен бүгүнкү күнгө чейин эч бир жерге жарыялай элекмин жана келечекте дагы жарыялайын деген оюм жок. Социалдык тармактарды мен, биринчи кезекте өзүмдүн чыгармачылыгым үчүн колдонуп келем. Ошон үчүн дагы аларды колдойм. Менин балдарым менин ишимдин дагы, пиардын дагы бир бөлүгү эмес, андыктан бул тема мен үчүн жабык. Биз Ян экөөбүз ушундай чечкенбиз. Бул биздин так көрсөтүлгөн позициябыз», — деп Алсу ОК журналына маек берип жатып билдирген.
Ырчы ошондой эле наристесини өзүнө таандык башкача бир мүнөзү бар экенин айткан. Анын айтымында, мураскер Рафаэл өзүнүн каалаганына жетүү үчүн апасын кантип алдашты билет.
«Ал чоӊ адамдарды кантип башкаруу керектигин жакшы билет. Азырынча уулум өтө кичине болгондуктан, катуу тарбия тууралуу сөз кылуу эртерээк. Ага баарын жасоого уруксат берилет азырынча. А негизи өзүм мен тартипти кармаган, катаал энемин»,-деп мойунга алды Алсу.
Ссылка: https://barometr.kg/content8848
Добавить комментарий ×