Нурсултан Назарбаев Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

18 ноябрь 2017 13:23 1216 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргызстандын жаӊы шайланган президентинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Чын жүрөгүмдөн Сизди туулган күнүӊүз менен куттуктайм. Биз, салттык бир туугандык алакаларды жана кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн биргеликте иш алып барабыз деп ишенем. Сиздин кылган жакшы иштериӊиз жемиштүү, ал эми энергияӊыз түгөнгүс болсун. Учурдан пайдаланып, Сизге бекем саламатчылык, узун өмүр жана амандык каалайм", - деп Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев өзүнүн куттуктоо телеграммасында белгилеген.

Ссылка: https://barometr.kg/content8847



Добавить комментарий