Идиш жуубай койгондугу үчүн баласы апасын муунтуп өлтүргөн
Бөлүшүү:
Астанада тургун 75 жаштагы энесин муунтуп, өз колу менен өлтүргөн. Мындай кадамга маркумдун уулу, апасы идиш-аякты жуубай койгону жана үй чачылып жатканы үчүн барган. Бул тууралуу NUR.KZ жазды.
Уулу жумуштан келгенде үйдө аны улгайган энеси күтүп отурган. Апасы баласына “үйдү жыйнап, идиштерди жууп койсоӊ болмок, менин алым келбей калды, анын үстүндө ден соолугум да начар” дегенде ортодо уруш-чатак чыгып кеткен.
«Уруш учурунда баласы апасынын түрдүү жагына муштум менен койгулай берген. Андан кийин Т. аттуу уулу апасын муунтуп салган”,-деп билдирет соттун басма сөз кызматы.
Белгилесек, кылмышкер 10 жылга эркинен ажыратылды.
Ссылка: https://barometr.kg/content8845
Добавить комментарий ×