Эртеӊ Түштүк магистраль жабылып, троллейбустар жүрбөйт
Бөлүшүү:
Эл аралык марафон уюштуруларына байланыштуу, эртеӊ, 19-ноябрда, саат 8.30дан 14.00гө чейин автранспорт кыймылына чектөө киргизилет.
Токомбаев, Түштүк магистраль, Шабдан Баатыр көчөлөрүнөн Арча-Бешик конушундагы спорт комплексине дейре жол жабылат.
Ошондой эле, № 17, № 10 жана № 11 троллейбус маршруттарынын иши убактылуу токтотулуп, алар №8 кичи районго чейин жүрүшөт.
Бишкек шаардык мэриясы шаар тургундары менен коноктордон, боло турган ыӊгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
Ссылка: https://barometr.kg/content8844
Добавить комментарий ×