Равшан Жээнбеков: Казакстан, үчүнчү тараптын Кыргызстан менен жараштыруусун каалаган жок

18 ноябрь 2017 11:45 1390 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алматыда кыргыз-казак келишпестигин талкуулоо боюнча эл аралык жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин депутаты Равшан Жээнбеков билдирди.

Ал социалдык тармактарда өзүнүн баоакчасында жыйында кырдаалга жол берүү тууралуу казак серепчилеринин пикирин угуп чыкканын жазган.

«Кыргыз казак конфликти жөнүндө.

Кечээ Алматыда, кыргыз казак конфликтинин чеүү жолдору боюнча эл аралык конференция болду. Орустар, азербайжандар жана өзбектер дагы катышты.

Мен байкаган нерселер:

Россия менен ЕАЭС конфликтке эмки кийлигишип башташты. Жакында Москвада конференция өтөт.

Казак тарап позициясына бекем турат. Санкциялар уланат. Дагы кошумча санкциялар башталышы мумкун. Биздин официалдуу бийлик менен алардын официалдуу бийлигинин суйлөшүүсү азырынча мүмкүн эмес.

Казак тарап бул конфликтти, башкалардын кийлигишүүсү жок чечишибизди каалайт. Ортомчуларсыз. Кыргыз менен казактар гана.

 

Автоиртардык бийликтүү мамлекеттерде институттар иштебейт, тобокелчиликтер арбын, ошентсе дагы, эгемендүү саясатчылар, эксперттер жолугушууларды, ар кандай талкууларды уюштурууну баштайлы деп чечтик”,-деп жазган ал.

Эске салсак, буга чейин Казакстан Кыргызстан менен чектешкен аймакта көзөмөлдү күчөткөн. Тактасак, анда ЕАЭБдин алкагындагы бардык норма жана келишимдерген каршы келген чаралар көрүлгөн. Мындай чара Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Казакстанга Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүүсүнө жол берилбейт деп койгон талабына байланыштуу көрүлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/content8843



Добавить комментарий