Улан Даникеев, КРнын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору: “Компьтер эч качан эң акыркы чечимди чыгарып бере албайт”

17 февраль 2017 16:23 365 Barometr
Бөлүшүү:
ok

-Улан Өскөнович, учурда  өкмөт карап жаткан жаңы мыйзамда  сатып алуучуларга кандай пайдалары бар?

 

-Негизи  жаңы мыйзамдарда жакшы нерселер бар.  Жашоо өзгөргөн сайын көп нерселер чыгып жатат. Үчүнчүдөн бажы биримдигине кирдик. Ушул нерселер дагы эске алынышы керек. Буйруса мыйзамдар бүтүп калды. 2015-жылдан бери көп жолугушууларды, жүздөн көбүрөөк   сунуштар, айыптоолор айтылды.  Ошонун баарын иштеп, өкмөттүн регламентине жибердик.

-Портал боюнча да комитетте депутаттар каршы пикирлерин айтышты. Компьютер чечпей адамдык фактор чечип жатат деп айтышты. Буга кошуласызбы?

-Бул абдан оор нерсе. Эч качан компьютер  эч качан адамдык милдеттерди жасай албайт. Азыр порталга өттүк. Портал жөн гана баардык нерселерди ачык айкын көрсөтүүчү нерсе. Баары ачык, баардык маалымат  берилет. Азыр чырдын баары баардыгы ким эмне сатып алып жатканы ачык чыгып жатканында болуп жатат. Мисалы кандай гана мамлекеттик мекеме болбосун эмне сатып алганы, коомдун көзөмөлүндө болуп калды. Компьтер эч качан эң  акыркы чечимди чыгарып бере албайт.  Болгону техникалык квалификациялык иштерди гана анализ кыла алат.  Мындай учурда акыркы чечимди адистер чыгарып бергендиктин сөзсүз адамдык фактор  аралашууга туура келет.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content884



Добавить комментарий