ӨКМ Чаткалга азык-түлүк жардамын жөнөттү
Бөлүшүү:
Эки метрден ашык кар жаап, жолдор жабылып калгандыгына байланыштуу азык-түлүк Чаткал району менен башка аймактарга жол жабылып калган. Буга себептүү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абаддын Чаткал районунда калың кардан жабыркагандарга гуманитардык жардам жөнөттү. Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, бүгүн, 17-февралда аймактагы Каныш-Кыя жана Чаткал айылдарына 108 кг чай, 300 даана жууркан, 300 даана консерваланган балык, 150 кг макарон, 180 кг консерваланган эт жеткирилди.
Ссылка: https://barometr.kg/content882
Добавить комментарий ×