Алмазбек Атамбаев иш сапар менен Россия Федерациясына келди

17 ноябрь 2017 16:39 658 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-ноябрда, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев VI Санкт-Петербургдук эл аралык маданий форумга катышуу үчүн иш сапары менен келди. Бул тууралуу КРдын президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Иш сапардын жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев Владимир Путин менен жолугушуп, мамлекет башчылары кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкууламакчы.

Ссылка: https://barometr.kg/content8818



Добавить комментарий