Ысык-Көлдө туристтик сезон кайнап жатса салыкчылар ойноштору менен келип алып, «текшерүү» жүргүзүшөт
Салык кызматынын кызматкерлери туристтик сезон учурунда, Ысык-Көлдө конок үйлөрүнүн ээлерине, кичи ишкерликтин өкүлдөрүнө текшерүү жүргүзүү үчүн келишет. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда, Жогорку Кеӊештин бюджет жана каржы боюнча комитеттин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева билдирди.
Парламентарий кичи бизнес өкмөттөн эчтеке сурабайт, бирок маморгандар тарабынан бир топ тоскоолдуктар болорун белгиледи.
Муну менен бирге, салык кызматкерлери туристтик сезон кайнап жаткан кезде текшеребиз деп бир айлык мөөнөт келип алышат. “Алар так ушул учурда текшерүүнү башташат. Анысы аз келгенсип, өздөрүнүн үй-бүлө, тууган-урук, досторун, ал тургай ойношторуна чейин алып келип алышат жанына”, - деп кошумчалады ал.
Бул айтылгандардан кийин жыйында отурган депутаттар менен чиновниктер күлүп жиберишти.
Салык кызматынын башчысы Октябрь Абдукаимов өз кезинде, салык келишими бар экенин, ага ылайык, жер-жерлерди кыдырып текшерүүгө мүмкүндүк жок экенин айтты.
Депутат кошумчалагандай, кичи бизнес менен алектенгендердин баарынын эле жеке юристи жок, андыктан алар, күбөлүгүн көрсөткөн салыкчыларды көргөндө коркуп кетип, аларга бардык шарттарды түзүп беришет.
Ссылка: https://barometr.kg/content8802
Добавить комментарий ×