Укук коргоочу: “Суу кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча добуш берүү мыйзам бузуулар менен коштолду”

17 ноябрь 2017 12:01 1174 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Парламентте Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча добуш берүү процедурасы мыйзам бузуулар менен коштолду", - деп эсептейт укук коргоочу Динара Ошуракунова.

Ал, соцтармактагы өзүнүн баракчасына депутаттар жыйынга келбей калган кесиптештеринин ордуна шайлап коюшкан деп жазган.

"Суу кодекси, 3-окуу – макул деп 63, каршы деп 22, бардыгы 84 депутат, катталганы 85. Кабыл алынды. Жыйын залында болжол менен 60 эл өкүлү отурган. Демек, башкалар үчүн дагы добуш берилген, бул туура эмес", - деп нааразы болду Ошуракунова.

Социалдык түйүндөрдө нааразы болгон колдонуучулар кайрадан добуш берүү керек деп талап кылышууда. Бирок укук коргоочу, добуш берүүнүн жыйынтыгын сот аркылуу гана талашса болот деп түшүндүрүп берди.

Ээске салсак, кечээ, 16-ноябрда, парламент үчүнчү окууда Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча документти кабыл алды. Катталган 85 депутаттын 63ү «макул», ал эми 22 эл өкүлү «каршы» деп добуштарын берди.

Добуш берүүнүн тизмесин сунуштайбыз:

Өзгөртүүгө каршы добуш бергендер:

  1. Жанар Акаев;
  2. Өмүрбек Бабанов;
  3. Калдарбек Баймуратов;
  4. Дастан Бекешев;
  5. Кенжебек Бокоев;
  6. Мирлан Бакиров;
  7. Зиядин Жамалдинов;
  8. Каныбек Иманалиев;
  9. Умбеталы Кыдыралиев;
  10. Абдимуктар Маматов;
  11. Айсулуу Мамашова;
  12. Исхак Масалиев;
  13. Наталья Никитенко;
  14. Максат Сабиров;
  15. Аида Салянова;
  16. Бахадыр Сулейманов;
  17. Эльвира Сурабалдиева;
  18. Табылды Тиллаев;
  19. Эмиль Токтошев;
  20. Турускулов;
  21. Садык Шер-Нияз;
  22. Алмамбет Шыкмаматов.

Документти кабыл алууга макул дегендер:

  1. Алиярбек Абжалиев;
  2. Салайдин Айдаров;
  3. Мухтарбек Айнакулов;
  4. Алмасбек Акматов;
  5. Нурбек Алимбеков;
  6. Марат Аманкулов;
  7. Азамат Арапбаев;
  8. Осмонбек Артыкпаев;
  9. Анвар Артыков;
  10. Гүлшат Асылбаева;
  11. Жаныбек Бакчиев;
  12. Дастанбек Жумабеков;
  13. Сайдолимжон Жураев;
  14. Акылбек Жапаров
  15. Бакыт Жетигенов;
  16. Камчыбек Жолдошбаев;
  17. Кубанчбек Жумалиев;
  18. Адыл Жунус уулу;
  19. Алтынбек Жунус уулу;
  20. Төрөбай Зулпукаров;
  21. Динара Исаева;
  22. Тилектеш Исаев;
  23. Аида Исмаилова;
  24. Жыргалбек Калмаматов;
  25. Ирина Карамушкина;
  26. Аалы Карашев;
  27. Нодирбек Каримов;
  28. Канат Керезбеков;
  29. Асель Кодуранова;
  30. Автандил Кулбараков;
  31. Махабат Мавлянова;
  32. Мурадыл Мадеминов;
  33. Нурлан Макеев;
  34. Ильхом Маннанов;
  35. Талайбек Масабиров;
  36. Искендер Матраимов;
  37. Гүлкан Молдобекова;
  38. Рыскелди Момбеков;
  39. Жылдыз Мусабекова;
  40. Айтмамат Назаров;
  41. Кубанычбек Нурматов;
  42. Сайдулла Нышанов;
  43. Иса Өмүркулов;
  44. Карамат Орозова;
  45. Айнура Осмонова;
  46. Исхак Пирматов;
  47. Улан Примов;
  48. Бакытбек Райымкулов;
  49. Зарылбек Рысалиев;
  50. Кожобек Рыспаев;
  51. Урмат Самаев;
  52. Альфия Самигуллина;
  53. Евгения Строкова;
  54. Бакирдин Субанбекова;
  55. Алтынбек Сулайманов;
  56. Алмазбек Токторов;
  57. Данияр Төлөнов;
  58. Дүйшөн Төрөкулов;
  59. Пархат Түлөндыбаев;
  60. Азис Турсунбаев;
  61. Игорь Чудинов;
  62. Максатбек Эгембердиев;
  63. Алмазбек Эргешев;

Белгилесек, парламент мындай чечими менен, мыйзам деӊгээлинде «Кумтөр» кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясына Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзүшүнө уруксат берди.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8798



Добавить комментарий