Тажикстанда ондогон үй-бүлө турак-жайсыз калды
Душанбеде 50дөн ашуун жашоочу үйсүз калды. Шаардык бийлик Шевченко көчөсүндөгү турак-жайларды түрттүрүүдө. Тургундар аларга башка батир же компенсация төлөнүп берилбегенин айтып даттанышууда. Бул тууралуу Борбор Азия кабарлар кызматы жазды.
Фируза Абдулвохидованын айтымында, жергиликтүү бийлик үйлөрдүн түрттүрүлөрү тууралуу үч күн мурун кабарлаган. “Үйлөрдү бузуудан мурда алар бизди турак-жай менен камсыздап же компенсация төлөп бериши керек эле. Бирок андай болгон жок. Азырынча акча же батир көрө элекпиз”, – деди ал.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү батирлерди ижарага алуу үчүн аларга акча, андан соң жаңы конуштардан үй берилерин билдирип, ага чейин жашоочулар тезирээк турак-жайларды бошотушу керектигин эскертүүдө.
“Бара турган жерибиз жок... Үйүбүздүн чатырын бузуп салышты, ага карабай үч кичине балам жана майып уулум менен ушул жерде калууга аргасызмын. Эгер жамгыр жааса, аларга эмне болорун билбейм”,– деди Гулбиби Исоева.
Быйыл апрелде Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен Душанбе шаарынын мэри Рустам Эмомали Жогорку соттун жаңы имаратынын пайдубалын түптөө аземине катышкан. Шевченко көчөсүндө жайгаша турган объект үчүн 0,37 гектар жер бөлүнүп берилген. Он алты кабаттуу имаратты курууга бюджеттен 73 млн. 858 миң сомони (9 миллион тегереги) коротулат.
Ссылка: https://barometr.kg/content8789
Добавить комментарий ×