Алмазбек Атамбаев иш сапар менен Россияга учуп кетти

17 ноябрь 2017 10:16 897 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 17-ноябрда, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев VI Санкт-Петербургдук эл аралык маданий форумга катышуу үчүн Россияга иш сапар менен учуп кетти.

Иш сапардын жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев Владимир Путин менен жолугушуп, мамлекет башчылары кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкууламакчы.

Ссылка: https://barometr.kg/content8787



Добавить комментарий