Күйөөгө чыгууга мажбурланган студент кыз акыры жанын кыйып «кутулган»
Өткөн базар күндөрү Тажикстандын Улуттук университетинин биология факультетинин 2-курсунда билим алган Зокирамох Холбоева 4-кабаттан кула өз жанын кыйган. Кыздын бирге окуган курсташтары менен мугалимдери алиге чейин эмнеге ийгиликтүү жакшы окуган студент жанын кыйды деп түшүнбөй келишет. Аталган окуу жайдын биология факультетинин кызматкери Сайвали Караев 11-ноярда Зокирамох өзүнүн тайкесинин үйүнөн терезедн секирген деп айтты.
«Ал аябай жакшы окучу, чыгармачыл ишмердүүлүк топторуна барып турчу», - дейт Караев.
Маркумдун курсташтары Зокирамохту «Махзар» деген сынакка даярдануу үчүн репетицияга чакыралы дешкенде анын трагедиялык өлүмү тууралуу угушкан. Студенттер анын өлүмү үй-бүлөдөгү шарттар менен байланыштуу деген пикирге келишкен. Студенттердин бири аноним шарты менен, кызды анын каалоосу жок күйөөгө берели дегенден улам ал жанын кыйда деп айтып берген.
Истаравшанда жашаган Зокирамохтун туугандары, азырынча окуяга комментарий берүүгө даяр эмес. Маркумдун сөөгү 11-ноябрда өзүнүн кичи мекенинде жерге берилген.
Ссылка: https://barometr.kg/content8781
Добавить комментарий ×