Тургун анын артынан аӊдып жүргөн арбакты байкатпай сүрөткө тартып алды

16 ноябрь 2017 19:30 3254 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Нью-Йоркто Адам Эллис аттуу тургун анын артынан дайыма каза болгон кичине баланын элеси басып жүрөрүн айтып берген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды

Ал соцтармакка баланын элеси анын түшүнө бир нече ирет киргенин жазган.

Кийин Адам үйүндө кызыктай нерселер болуп баштаганын байкаган. Айтсак, бөлмө гүлдөрү текчеден жерге кулап түшкөн, отургучтар өзүнөн-өзү кыймылдай берчү, бир күнү болсо Адамдын үйүндөгү мышыктар эшиктин жанына чогулуп калып кечке бир жерди тиктеп карап турушкан.

Бирок тургунду эӊ көп баланын арбагы чыны менен эле келгени таӊ калтырган. Алгач бала түшүнө кире берчү, ошондон кийин ал аны сүрөткө тартып алууга үлгүргөн.

Адам уйкудан ойгонгондон кийин телефонунан шумдуктуудай сүрөттөрдү көргөн. Анда баланын жалпы түзүлүшү түшүп калган.

 

"Негизи мен болуп жаткан окуялардын баарын түшүндүрүп бере алм, бирок мындай окуяны мен логикалык жактан түшүндүрө албай жатам", - дейт Адам.

Ссылка: https://barometr.kg/content8777



Добавить комментарий