Атамбаев: «Элимдин колдоосу менен өнүгүүгө жетиштик»
Бүгүн, 16-ноябрда, мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учурунда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, ал сыркоолоп жаткан кезде кандай каттар келип турганын айтып берди.
Анын айтымында, мамлекет башчы эгер элдин колдоосун сезбегенде, ал эч нерсе кыла алмак эмес.
"Мен ооруп жатканда жөнөкөй жарандардан көптөгөн каттарды алгам. Иш толуп турган кездер болуп турат. Ошол учурда мен колдоо, жылуу сөзүн айткан тургундардын каттарын алып турчумун. Демек, мен алты жыл сүргүндөгү сыяктуу, бекер жанымдын барынча тытынып иштебептирмин. Бул жылдар мага оӊой эле берилип калган жок. Эсиӊиздерде болсо керек, анда өлкөдө башаламан эле, же армия, же милиция жок болчу. Азыр менин жүрөгүм тынч, өлкөнү жаӊы шайланган президентке жана өкмөткө өткөрүп берем. Мен мамлекеттин келечеги үчүн тынчмын, анткени силер барсыӊар", – деди А.Атамбаев.
Ссылка: https://barometr.kg/content8773
Добавить комментарий ×