Бишкекте селсаяктар үчүн дагы бир башпаанек ачылды
Бөлүшүү:
Жыл сайын кыш кирип келе жатканда, Свердлов районунда Фере №34 көчөсүндө жайгашкан селсаяктар үчүн убактылуу башпаанек ачылат. Муниципалдык администрациясынын башчысы Самарбек Болотбеков бул башпаанектин ачылышына катышты жана муктаж болгон жарандарды кабыл алуу даярдыгы менен таанышты.
Башпаанек 40 адамга эсептелген, имарат оӊдоодон өткөрүлгөн, жатууга жууркан-төшөктөр, көмүр сатылып алынды. Ошондой эле ысык тамак берүү уюштурулду.
Анда жашай турган жарандар жума сайын медициналык текшерүүдөн өтүшмөкчү, тартип сактоо максатында аталган райондук Ички иштер башкармаыгынын кызматкери бекитилди.
Ссылка: https://barometr.kg/content8772
Добавить комментарий ×