Улан Примов, ЖКнын депутаты: «Портал иштеп жатканы менен жыйынтыгында адамдык фактор чечип жатат»

17 февраль 2017 11:00 500 Barometr
Бөлүшүү:
ok


«СДПК» фракциясынын жыйынында Каржы министрлигинин алдындагы сатып алуу порталы боюнча сөз алып сүйлөгөн Улан Примов порталдын ишине канаатанбай турганын билдирди. “Портал иштейт, компьютер иштейт деп айтып жатасыздар. Бирок аягында айланып келип адамдык фактор чечип калат.  2015-жылга караганда 40% даттануулар көбөйгөн. Мемек нааразычылык бар. Дагы деле коррупциялык элементтер  көбөйдү”-деди Эл өкүлү. Депутаттын бул суроосуна каржы министри  Адылбек Касымалиев  жооп берип, чын эле мыйзам бузуулар болуп жатканын мойнуна алып бул иш менен күрөшүп жатканын айтты.  Министрдин сөзүнөн кийин  Улан Бердибаевич  “Кошумчалап коёюн.  Порталдагы сатып алууларды компьютер өзү чечип берсин. Айланып келип адамдык фактор чечип жатат. Комиссия кантип чечип жатканын эч ким билбейт” деди депутат сөзүн жыйынтыктап.  

Ссылка: https://barometr.kg/content877



Добавить комментарий