Баткенде ЕАЭБге уруксаты жок ташылып бараткан 20 тонна түрп конфискацияланды

16 ноябрь 2017 16:16 885 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мыйзамсыз Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу товар жана транспорт каражаттарын алып өтүү жана аныктоо фактылары боюнча жүргүзүлгөн ишүөчаралардын жүрүшүндө, «Түштүк» ыкчам бажы кызматкерлери тарабынан Баткендеги Көк-Талаа айылында, «Шмитц» чиркегичи бар «Марседес-Бенц 2543» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп текшерилген. Унаанын айдоочусу Д.Ж.Ж. аттуу кыргызстандык жаран болгон.

Унааны текшерүүдө айдоочу жалпы суммасы 158 400 сомду түзгөн, жалпы салмагы 19 800 кг болгон, полиэтилен каптарында түрптү ЕАЭБдин аймагына ташып баратканы аныкталган.

Материалдар Ош областык прокуратурасына жөнөтүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/content8765



Добавить комментарий