Жанар Акаев: «Кумтөрдө» иш жүргүзүү - Давыдов, Лысый, Сары-Тор, Петров мөӊгүлөрүн бүлдүрөт»

16 ноябрь 2017 15:44 912 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Кумтөр» алтына кенине барган парламенттин депутаттары Давыдов, Лысый мөӊгүлөрүнүн абалы начар экенин жеринен көрүп келишти, ал эми дагы Сары-Тор менен Петров мөӊгүсү 20-30%га азайып кеткен. Бул тууралуу бүгүн депутат Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, эгер, «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн жаап келген чиновниктин бири дагы жоопко тартылбаса, анда башка мөӊгүлөр кыйроого учурайт.

Белгилүү болгондой, өкмөт, «Кумтөр» алтын кенинин жанында жайгашкан жана 70%га талкаланып бүткөн Давыдов менен Лысый мөӊгүлөрүнүн аймактарында иш жүргүзүүгө боло турган мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Бирок белгилүү болгондой, «Кумтөрдө» бардыгы болуп 4 мөӊгү: Давыдов, Лысый, Сары-Тор жана Петров жайгашкан.

Ссылка: https://barometr.kg/content8761



Добавить комментарий