"Кумтөрдө" депутаттарды, мөӊгү аймагында иш жүргүзүүгө уруксат беришсин деп коркутушкан
Депутаттар «Кумтөр» алтын кенине барып, мөӊгүлөрдүн абалы менен жеринен таанышуу учурунда, жергиликтүү жумушчулар аларды мөӊгү аймагында иш жүргүзүүгө уруксат бергиле деп коркутушкан. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда, Жогорку Кеӊештин жыйынында маалым болду.
Белгилесек, учурда парламент «Суу кодексине» өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карап жатат, ага ылайык, айрым учурларда мөӊгү аймактарында иш жүргүзүүгө уруксат берилет. Өзгөртүүлөк кабыл ылынып калса, "Центерра" Давыдов менен Лысый мөӊгүлөрүнүн райондорунда толук кандуу иш жүргүзө алат.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Сайдулла Нышанов депутаттар тобу өкмөт өкүлдөрү жана коомчулук менен бирге «Кумтөргө» барганын белгиледи. Ал, ал жактагы жергиликтүүлөр аларды коркутушкан жана террорчулар деп аташкан деп билдирди. "Элди депутаттарга каршы тукурбаш керек. Ушул адатты таштасак эми? Ар бир нерсенин өзүнүн чеги болот да", - деп кошумчалады ал.
Ал ошондой эле, кенге барган айрым активисттер мындай коркутуулардан улам пикирлерин 90%га өзгөрткөнүн белгилеп өттү. «Парламентти мындай чечим чыгаруусуна мажбурлаган туура эмес, кийин биз буга башыбыз менен жооп беребиз", - деди депутат.
Ссылка: https://barometr.kg/content8754
Добавить комментарий ×