Депутаттар: Мектептерди аймактарга эмес, Бишкек менен жаӊы конуштарга куруу керек

16 ноябрь 2017 12:07 843 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Депутат Рыскелди Момбеков мектептерди аймактарга эмес, Бишкек менен жаӊы конуштарда куруу сунушун айтты. Мындай пикирин ал бүгүн, 16-ноябрда, ЖК жыйынында билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Бишкекте канча мектеп бар экенин жана балдар үч сменада кайда окуп жатышканын сурады. Калаанын вице-мэри Айгүл Рыскулова буга шаар боюнча 10 мектепте балдар 3 смена менен окуп жатышат деп жооп берди.

Депутат №5 гимназияда дагы 3 смена менен окушарын айтып, бирок, вице-мэрдин айтымында, ал шаарга эмес, Билим берүү министрлигине карайт деп билдирди.

"1,5 миӊ адамга эсептелген мектептерде 3 миӊ окуучудан билим алышууда. Мектептерди, бир класста жети баладан отурган аймактарга эмес, Бишкек менен конуштарга куруш керек. Шаардык мектептерде ата-энелер класстарга парталарды сатып алып жатышат, анткени бир класста 45 окуучу отурат", - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле депутат Айтмамат Назаров, мектепти куруп эле тим болбостон, ошондой эле билим берүүнүн сапатына дагы көӊүл буруш керек деп кошумчалады. Анткени, бир предметтен сабак өткөн мугалим, адистердин жетишсиздигинен улам башка сабактарды да берүүгө туура келүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8742



Добавить комментарий