“Тегирменти-2” чакан ГЭСи ишке кирди
Бөлүшүү:
Чүй облусундагы Кемин районунун Тегирменти айылында кубаттуулугу 3 миң 77 киловаттык чакан ГЭС иштеп баштады. «Тегирменти-2» деп аталган чакан ГЭСтин курулуш иштери 2016-жылдын январь айында башталган. Толук 11 айдын ичинде бүткөрүлүп берилген. Өткөн жылдын декабрь айында сыноо негизинде ишке берилип, азыркы убакытка чейин 1 млн килловатт саат электр энергиясын иштеп чыгарууга жетишти. ГЭС жалпысынан заманбап техникалар менен жабдылган. Ошондой эле, 8 туруктуу жумушчу оруну түзүлүп, ГЭС райондун үчтөн бир бөлүгүн электр энергиясы менен камсыздоого күчү жетет
Ссылка: https://barometr.kg/content874
Добавить комментарий ×