Бүгүн түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын болот
Кыргызгидрометтин берген маалыматына ылайык, бүгүн Чүй, Талас өрөөндөрүнүн көпчүлүк аймактарында жана тоо этектеринде карга айланган жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт.
Күндүз Ысык-Көл областынын көпчүлүк территорияларында жаан жаайт, ал эми калгна аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет, Ысык-Көл акваториясы боюнча соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Бүгүн, 16-ноябрда, Бишкекте түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, жамгыр карга айланышы мүмкүн. Күндүз күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы сеундасына 4-9 метрди түзөт.
түнкүсүн: 0…-2
күндүз: +5…+7
Чүй областы
түнкүсүн: -2…+3
күндүз: +2…+7
Талас областы
түнкүсүн: -2…-7
күндүз: +1…+6
Баткен областы
түнкүсүн: -2…+3
күндүз: +6…+11
Ош жана Жалал-Абад областтары
түнкүсүн: -2…+3
күндүз: +6…+11
Ысык-Көл областы
түнкүсүн: -3…+2
күндүз: 0…+5
Нарын областы
түнкүсүн: -3…-8
күндүз: 0…+5
Ссылка: https://barometr.kg/content8735
Добавить комментарий ×