Парламент комитети Жусупбек Шариповду Украинага элчи кылууну колдоду

16 ноябрь 2017 10:26 648 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Жусупбек Шариповду Украинага элчи кылып дайындоо боюнча сунушту жактырды. Маселе 14-ноябрдагы жыйында каралганын комитеттин төрага орун басары Каныбек Иманалиев билдиргенин Борбор Азия кабарлар кызматы билдирди.

Эреже боюнча элчинин талапкерлигин президент сунуш кылат. Парламенттин тийиштүү комитети колдогон соң мамлекет башчы жарлык чыгарат.

Жусупбек Шарипов - жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы. Учурда ал Кыргызстандын араб мамлекеттериндеги ыйгарым укуктуу элчиси болуп эмгектенет.

Кыргызстандын Украинадагы элчилигинде Убактылуу ишенимдүү өкүл болуп 2016-жылдан бери Батыркан Сыргабаев иштеп жаткан.

Ссылка: https://barometr.kg/content8731



Добавить комментарий