“Феррари” машинасын жасалма жасагандар табылды
Бөлүшүү:
“La Voz de Galicia” басылмасынын маалыматына ишенсек Испаниянын Жирона полициясы Ferrari унааларынын жасалма үлгүсүн жасаган үч кишини камакка алыптыр. Бенидром шаарында жасалма “Феррарилерден” бирөө табылган соң тергөө иштери башталган. Полиция кызматкерлери тез арада “Ферраринин” жасалма үлгүсүн жасаган өндүрүштүк ишкананы аныкташкан. Ал жерде 14 автоунаа табылып, алардын төртөө сатууга даяр турган. Ferrari 458 Italia, F430 Spider жана 430 Scuderia автоунааларынын жасалма нускалары дагы ошол имаратта сатыкка даяр турган. Жасалма “Ферраринин” баасы 41 миң эврону чапчып, унаалар сайт аркылуу кардарларга сатылып кеткен.
Ссылка: https://barometr.kg/content873
Добавить комментарий ×