Ырчы Айкын аны «катынпоз эркек» дегендерге жооп берди
Бөлүшүү:
Казакстандын атактуу ырчы мырзасы Айкын аны «катынпоз жигит» деп сын айткандарга жооп жазды. Ырчы Gakku.tv. телеканалына маек берип жатып, ал жоопкерчиликтүү адам экенин айткан.
"Мындай бир ыр бар: «Ким катынпоз эмес, эми ким катынпоз эркек эмес? Жашоосунда аялдарды эч качан көрбөгөн киши катынпоз эмес». Бирок менин буга тиешем жок. Мен ар бир аялдын артынан чуркаган катынпоз эркек эмесмин. Мен жакшы, жоопкерчиликтүү адаммын. Жана эч убакта өзүмдүн адамдарымды таштабайм", - деди ал.
Эске салсак, соцтармактарга Айкындын уулу төрөлдү деген маалымат чыккан. Ал эми ырчы өзү бул маалыматка түшүндүрмө берген эмес.
Ссылка: https://barometr.kg/content8716
Добавить комментарий ×