Фонд Елена Нагорная менен MegaComду сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотту

15 ноябрь 2017 17:23 784 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фонду бүгүндөн тартып Елена Нагорная менен, «Альфа Телеком» жабык акционердик коомун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү процессин токтотту.

Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан маалымдашты.

"Сүйлөшүүлөр, тараптарлар эки жакка пайдалуу болгон сатуу шарттарына жете албагандыктан токтотулду", - деп басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилесек, аталган фонд Россиянын жараны Елена Нагорная менен «Альфа Телеком» коому уюлдук операторунун акцияларын 100 пайыз сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү 27-сентябрда баштаган болчу.

25-сентябрда Россиянын жараны Елена Нагорная Николаевнадан «Альфа Телекомдун» акцияларын 100 пайыз ала тургандыгы жөнүндө арызы келген.

КРдын Жогорку Кеӊешинин депутаттары, министрликтер жана ведомстволор, жарандык сектордун өкүлдөрүнөн турган комиссия, Нагорнаянын арызын карап чыгып, аны кабыл алууну чечишкен. Буга байланыштуу аталган фонд тарабынан сүйлөшүү жараяны башталган. 

Түз сатуу шартына ылайык, претенденттер  13 500 000 000 сом көлөмдөгү суммадан кем эмес, «Альфа Телекомдун» мамлекеттик акциялар пакетин ала тургандыгы тууралуу баа сунушун көрсөтүшү керек болчу.

Эске салсак, 2014-жылы июль айында «Мегаком» телекоммуникациялык компаниясы соттун чечими менен мамлекеттик менчикке өткөн. Акциялардын 51%ы Мамлекеттик мүлктөр фондусуна берилген.

Ссылка: https://barometr.kg/content8713



Добавить комментарий