Түркия менен Кореяда иштеген жарандар пенсиясын Кыргызстандан алса болот

15 ноябрь 2017 16:53 936 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын өкмөтү Түштүк Корея жана Түркия менен, бул өлкөлөрдө эмгектенген кыргызстандык жарандарга пенсияны которуу тууралуу меморандумга кол койду. Бул боюнча бүгүн, 15-ноябрда, Жогорку Кеӊештин жыйынында Социалдык фонддун жетекчиси Теӊизбек Абжапаров билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөлөрдө иштеген Кыргызстандын жарандары пенсиясын алуу үчүн төлөмдөрдү алуу жөнүндөгү арызды Соцондго тапшыруулары керек.

Абжапаров ошондой эле, учурда ЕАЭБге мүчө өлкөлөр, ошол мамлекеттерде иштеп жүргөн өздөрүнүн жарандарын пенсия менен камсыз кылуу тууралуу макулдашууну талкуулап жатышат деп белгиледи. Муну менен бирге, документти, Кыргызстан, Армения жана Казакстандан бөлөк өлкөлөр жактырышты. Азыркы тапта Россия пенсиялык коэфициетти эсептеп жатат.

Министр ошондой эле, кыргызстандыктарга пенсияны толук көлөмдө берүү үчүн, алар сөзсүз түрдө эмгек тажрыйбасын иштеп бериши керек, анткени, ал пенсияны эсептөөдө маанилүү

Ссылка: https://barometr.kg/content8710



Добавить комментарий