Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешин 2021-жылга чейин өнүктүрүү Стратегиясына арналган конференцияда Алтынай Өмүрбекова стратегия боюнча маалымат берет

16 февраль 2017 17:22 474 Barometr
Бөлүшүү:
ok

17-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешин 2021-жылга чейин өнүктүрүү Стратегиясына арналган конференция өтөт. Иш-чарада буга чейин кабыл алынган Жогорку Кеӊешти 2021-жылга чейин өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруу жаатында атайын баяндамалар угулат. Конференцияга кыргыз парламентинин жетекчилери менен депутаттар, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, эл аралык уюмдардын башчылары, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, дагы башка чакырылган тараптардын катышуусу күтүлүүдө. Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча түзүлгөн жумушчу топту Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен анын орун басары Алтынай Өмүрбекова жетектеп, жумушчу топтун курамына депутаттар менен Аппарат жетекчилери да кирген. Конференция алкагында Төраганын орун басары Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеӊешти 2021-жылга чейин өнүктүрүү Стратегиясы боюнча бетачарын алпарып, жумушчу топтордун жетекчилери өз тиешелүү долбоорлору жөнүндө маалымат бермекчи.

Ссылка: https://barometr.kg/content871



Добавить комментарий